Кадамжайда кароосуз жүргөн 48 өспүрүм аныкталды

Кадамжайда кароосуз жүргөн 48 өспүрүм аныкталды

Кадамжайда бир түндө кароосуз жүргөн 48 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда спүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу багытында “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө кароосуз калган имараттар, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү, чатырлары текшерилди. Ошондой эле район аймагындагы мектеп окуучуларына спорттук оюндар уюштурулду.

Мугалимдер мектеп окуучулары менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жолугушууларды,  жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш чаранын жыйынтыгында Кадамжай район аймагында селсаяк жаш өспүрүм аныкталган эмес.

Ал эми түнкүсүн чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча жүргөн 48 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине тапшырылып, түшүндүрүү иштери өткөрүлүп берилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>