Кайнаган суу, кайчы, учтуу темир: 12 жаштагы бала эгизин каратып коюп өз энесин мыкаачылык менен өлтүрдү — видео

Кайнаган суу, кайчы, учтуу темир: 12 жаштагы бала эгизин каратып коюп өз энесин мыкаачылык менен өлтүрдү — видео

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 жаштагы бала өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу орусиялык «78.ru» басылмасы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, 12 жашар бала энесинин бетине ысык суу куюп, кайчы менен кескилеп, темир сайып өлтүргөн. Муну баланын эгизи карап турган. Эгиз түгөйлөр экөө тең акыл-эси жетишпеген оору менен жабыркайт. Батирде баланын атасы мас абалында болгон. Ал балдарынын окуясын көрүп, коркконунан ата-энесине кабарлаган. Алар милицияга билдиришкен.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Ал эми балдар менен психологдор иш алып барууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>