“Кайнар” ресторанына үчүнчү жолу айып салынды

“Кайнар” ресторанына үчүнчү жолу айып салынды

Көп адамдын катышуусунда иш-чара өткөрүп жаткан Бишкек шаарындагы “Кайнар”  ресторанына айып салынды.  Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда мэрия кызматкерлери аталган ресторанга кезектеги текшерүү менен барып, ал жерде көп адамдын катышуусунда той өткөрүлүп жатканына күбө болушкан. Тийиштүү мекеме тарабынан протокол толтурулуп, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кайнар” ресторанына дал ушундай эле  массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн 2 жолу айып салынган.

Мындан  2 ай мурун “Кайнар” ресторанында “Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан. Ал жерден тартылган сүрөттөр коомчулукка тараганда ресторан ээлерине “тийиштүү түзүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу” деген кине менен 13 миң сом айып салынган.

Август айынын аягында да ресторанда көп адамдын катышуусунда куран окутуу өтүп жатканда текшерүү барып, айып салышкан. 

[su_image_carousel source=»media: 40734,40735″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>