Кайрат Примбердиев:  Курал боюм менен ишиң болбосун, сени менен рингден жолугам

Кайрат Примбердиев:  Курал боюм менен ишиң болбосун, сени менен рингден жолугам

Ырчылар Кайрат Примбердиев жана Курал Чокоев инстаграм баракчалары аркылуу кайым айтышуусун улантууда. 

Буга чейин ырчы Кайрат Примбердиев Курал Чокоевди эркекче сүйлөшүүгө чакырган эле.

“Курал, мен муну сенден күткөн эмесмин. Канча жылдан бери мен сенин досуңмун деп айтып жүрөсүң. Бул кылган ишиң туура эмес. Эгер сен эркек болсоң, келип бетме-бет сүйлөш ”, – деп жазган эле Примбердиев бир нече күн мурун. 

Ага Чокоев да инстаграм баракчасы аркылуу жооп узатып:

“Эмне үчүн мындай жолго түшкөнүңдү билбейм?! Бул ишти баарына жайылтпастан бүтүрсөк болмок, бирок сен өзүң ушул жолду тандап алдың, сен чалууга жооп бербейсиң, бетме-бет сүйлөшөйүн десем. Мындай демекмин сени айланып өткөнчө секирип өткөн оңой” — деп жазган.

Мына ушул билдирүүнүн алдында экөөнүн кайым айтышуусу уланды.   

[su_image_carousel source=»media: 39183,39184″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Боюм менен ишиң болбосун! Боюм кодо болгону менен оюм жогору” . –деп жазды Примбердиев. 

Ага Чокоевдин, “телефонду ал” деген жообуна Примбердиев “Рингтен башка жерден жолукпайм! Кичинекей болсом да бирдеме кылам иши кылып”, — деп билдирүү калтырган.

https://www.instagram.com/p/CETuY8-AI2f/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>