Калкка берилген таза суунун баасы көтөрүлөт

Калкка берилген таза суунун баасы көтөрүлөт

Европа өнүктүрүү банкы «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбооруна насыялык жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Келишимге ылайык, «Каракол шаарын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбооруна 15 жылдык мөөнөт менен 11,224 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана техникалык кызматташтык үчүн 1,224 млн өлчөмүндө инвестициялык гранттык каражат бөлүнөт.

Андан тышкары, жеӊилдетилген насыя каражаттары 15 жыл аралыгында толугу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен төлөнөрү, ошого жараша калкка берилген таза суунун наркы да көтөрүлө турганы белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев таза суу менен камсыз кылуу жаатында алынган насыялык каражаттар натыйжа бербей жатканын билдирди.

“Мисалы, долбоордун биринчи фазасынын жүрүшүндө Каракол шаарында жакшы натыйжа байкалган жок”, — деп кошумчалады ал.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, таза суу өз багытында пайдаланбагандыктан, суу көлөмү 2-3 эсе көп берилүүдө.

“Ошондон улам, анын кайтарымы начарлап жатат. Калкты таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү зарыл”, — деген жообун берди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>