Кальян жана героин. Бишкекте баңги зат өстүргөндөр кармалды

Кальян жана героин. Бишкекте баңги зат өстүргөндөр кармалды

Бишкекте үй шартында баңги зат өсүмдүктөрдүн өстүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шектүү адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат өсүмдүктөрү жана жарым синтетикалык түрдөгү баңги заттары табылган.

Мындан сырткары кара куурай, марихуана, героин, тамеки тартууга керектүү буюмдар табылды: кальян, баңги заттарды чегүүгө ылайыкташтырылган лампочкалар жана шприцтер болгон.

Кармалган баңгизаттардын жалпы салмагы 4 кг 686 гр. Кылмышка шектелип кармалган борбор калаанын тургунуна карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>