Камакка алынган президенттин басма сөз катчысы кызматынан бошотулду

Камакка алынган президенттин басма сөз катчысы кызматынан бошотулду

Пара талап кылууга айыпталып кармалган Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, 30-январда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов пара талап кылууга айыпталып кармалганын УКМК кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>