Камчы Көлбаев суракка эмнеге чакырылды? Милициянын жообу

Камчы Көлбаев суракка эмнеге чакырылды? Милициянын жообу

“Мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаев Жайыл райондук миилциясына күбө катары сурак берип, кайра кое берилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 2-июнунда Башкы прокуратурага И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ал 2007-жылдан бери ири өзү уюштуруучу болуп келген заводду кош-уюштуручулар күрөөгө коюп,  анын макулдугусуз эле Бишкектеги банктардын биринен кредит алышканын айткан.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын  бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренси менен катталып, Жайыл райондук миилциясы сотко чейинки тергөө иштерин баштаган.

Арыз берүүчү ошондой эле,  аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адам коркуткан. Буга байланыштуу, тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүк материалдарды иликтөө максатында күбө катары 1974-жылы туулган А.К. (Камчы Асанбеков (Көлбаев) чакырган.

Тергөө учурунда арыз берүүчүлөр менен Камчы Көлбаевди беттештирүү өткөрүлгөн. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары катоодо турган адамдар арыз берүүчүнүн дооматтарын четке кагышкан.

Буга чейин айрым басылмалар Камчы Көлбаевдин суракка чакырылганын жазып чыгышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>