Камчы Көлбаевдин 47-абакта жайыл дасторкон менен “майрам” уюштурган тасмасы

Камчы Көлбаевдин 47-абакта жайыл дасторкон менен “майрам” уюштурган тасмасы

Ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аталган абактын короосунда башка эркинен ажыратылган адамдар менен чогу жайылган дасторкондун жээгинде отурганы тартылган видео интернетке жарыяланды.

Тасмадан узунунан жайылган бир нече дасторконду тегеренип жүздөгөн адамдар жана алар менен кошо Камчы Көлбаевдин отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле тасмада белгисиз адамдын Алла Пугачеванын «Миллион алых роз» ырынын обону менен кандайдыр бир ырды ырдап жатканы тартылган.

Айрым маалыматтарга караганда бул дасторкон Камчы Көлбаевди 47-абакка которулганда тосуп алуу үчүн жайылса, дагы бир маалыматтарга караганда башка эле бир нерсени майрамдап жатышкан.  

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.  Көлбаевге кандай диагноз коюлганын билүү үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана УКМКга байланышканыбызда маалымат берүүдөн баш тартышкан болчу.    

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>