Камчыбек Ташиев эртең Кыргызстанга учуп келет

Камчыбек Ташиев эртең Кыргызстанга учуп келет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең, 18-февралда учуп келет. Бул тууралуу Ташиевге таандык делген “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда Камчыбек Ташиев эртең Бишкекке келип эле дароо Баткен облусуна учуп кетет.

“Буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18.02.2021-ж. саат 10:00дө чет мамлекеттен «Манас» аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат”, — деп билдирүү калтырган Рахманов.

Белгилей кетсек, февраль айынын башында Камчыбек Ташиев дарыланганы чет өлкөгө кетип жатканын айткан. Кийин анын жүрөгүнө Германияда операция жасалганы кабарланган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>