Камсыздандыруу ишканасы: Сел коркунучу болбосо, жаан кырсыкка кирбейт

Камсыздандыруу ишканасы: Сел коркунучу болбосо, жаан кырсыкка кирбейт

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Жыйында «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Депутат Тариел Жоробеков Мамлекеттик Камсыздандыруу ишканасынын бюджети канча? деген собол салды.

Камсыздандыруу ишканасынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева аталган компаниянын капиталдык бюджети 300 миллион сом экенин билдирди.

«Буга чейинки мыйзам долбоорунда 18 жаратылыш кырсык каралган. Азыркы долбоордо кыскартылып жатат. Анткени биз эл аралык тажрыйбаны карап чыктык. Бирок азыр 18 кырсык боюнча камсыздандыруу каражаты төлөнүүдө», — деп жооп берди төрайым.

Тариел Жоробеков: «60 мл ашкан 48 сааттык жаан табийгый кырсыктардын тизмесинен алуу туурабы?»

«Эгерде 60 мл ашкан 48 сааттык жаандын кесепетинен сел болсо, анда кырсыкка кирет. Ал эми жаан жааса кырсыкка кирбейт», — деди камсыздандыруу компаниясынын өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>