Канат Исаев бир мандаттуу округ менен депутаттыкка барат

Канат Исаев бир мандаттуу округ менен депутаттыкка барат

18-сентябрь күнү  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн өзү көрсөтүү жолу менен) Исаев Канатбек Кедейкановичтен Чүй облусунун Кемин №31 округуна талапкер катары катышуу тууралуу арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Канат Исаев «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>