Канат Исаев милицияга сурак берүүгө кирип кетти

Канат Исаев милицияга сурак берүүгө кирип кетти

Канат Исаев милицияга сурак берүүгө кирип кеткенин  Reporter.kg нин кабарчысы билдирди. Анын айтымында, Канат Исаевден журналисттер сурактын себептерин сураганда, себебин билбей бара жатканын айткан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов сурак берип чыккан. Дагы бир депутат Бакыт Жетигенов да сурак берип чыкканы кабарланган.

Мындан тышкары  Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абраимов да сурак берип жатат. Ошондой эле интернетке тараган видеодо Алмаз Сариев атту жарандын да суралып жатканы боюнча маалыматтар тараган.  Видеодо бийликти басып алуу боюнча сөз болгон.

Буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>