Канча мал өлгөн? Жайлоодо калган чабандарды куткаруу боюнча маалымат

Канча мал өлгөн? Жайлоодо калган чабандарды куткаруу боюнча маалымат

9-10-сентябрь күндөрү калың жааганын кардан улам Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын тоолук аймактарындагы жайлоолордо калган чабандар мал жандыктары менен түшүрүлдү.

Чабандарды жайлоодон алып түшүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары, милиция жана “Тез жаржам” кызматынан түзүлгөн куткаруу тобу тартылган.

Жалал-Абад облусу боюнча:
Токтогул, Аксы жана Тогуз-Торо райондорунун жайлоолорундагы чабандардын 10 миң 700 жүз баш койу, 460 уйу жана 40 жылкысы түшүрүлгөн.  Облус боюнча 8 жылкы 78 кой өлгөн.

Чүй облусу боюнча:
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү  Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунан 8 чабандын 3800 баш койу жана 150 жылкысы менен түшүрүлгөн.  Облус боюнча 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн.

Нарын облусу боюнча:
Жумгал районундагы  Ой-Гайын жайлоосунда 10 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. Куткаруучулардын жардамы менен 4 чабан 2100 койу, 13 уй жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн.  Облус боюнча 3 жылкы 1 баш уй өлгөн. 

Талас облусу боюнча:
Талас районундагы Үч-Төр жана Музтөр жайлоосунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. 10 адамдан турган куткаруучулар чабандарды мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүшкөн. Облус боюнча бир аял, 5 жаш бала жана болжол менен 1200 кой 270 уй, 30 жылкы айылга түшүрүлгөн. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>