Каныбек Осмоналиев Өкмөттүн энчилүү сааты менен сыйланды

Каныбек Осмоналиев Өкмөттүн энчилүү сааты менен сыйланды

Премьер-министр Улукбек Марипов Москвада 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын алтын медалынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун бүгүнкү абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Ар бир адам спорттун чексиз экендигин жана өзүнүн жаратмандык күчү аркылуу дүйнөдөгү миллиондогон адамдарды бириктирип тураарын түшүнөт. Дене тарбияны жана профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, биз, өзгөчө, өсүп келе жаткан муун арасында спортту массалык түрдө жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жөндөмдүү таланттуу спортчуларды колдоого алуу маселесине тийиштүү көңүл буруубуз зарыл. Бул багытта эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спортчуларды даярдоо тутумун мындан ары өркүндөтүү зарыл», — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Каныбек Осмоналиевди Москва шаарындагы XXII Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алгандыгына 40 жыл толушу менен куттуктады.

Каныбек Осмоналиев Өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жеке ал үчүн гана эмес, ар кыл спорттук иш-чараларда өлкөнүн намысын коргоп келген жана коргой турчу жалпы спортчулар үчүн маанилүү болуп саналарын белгиледи.

Өкмөт башчы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди энчилүү сааты менен сыйлап, көп томдуу «Кыргыздар» китебин белекке тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>