Каныбек Осмоналиев Маданият, маалымат жана спорт министринин кеңешчиси болду

Каныбек Осмоналиев Маданият, маалымат жана спорт министринин кеңешчиси болду

Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен министрдин спорт тармагы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдө спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунду социалдык жоопкерчиликтүү нукта тарбиялоо маселелери талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>