Кара-Балтада депутат сабалды

Кара-Балтада депутат сабалды

Кара-Балта шаарында жергиликтүү кеңештин депутаты сабалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Учурда депутат ооруканада.

Бул маалымат боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына Reporter.kg байланышып, комментарий алды.

26-сентябрда Жайыл районунун ички иштер органдарына Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган адамды жаткыруу боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факт боюнча тергөө тобу жиберилип, Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестринин каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө милиция кызматкерлери  ички иштер органдарына арыз жазуудан баш тарткан эркек киши — Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну Б.А. экенин аныкташты.

Бирок, буга карабастан, милиция кызматкерлери бул фактыны каттап, иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн учурда бир катар тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүлүүдө. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>