Кара-Көл шаарында машыктыруучу өгөй кызын зордуктаган делип кармалды

Кара-Көл шаарында машыктыруучу өгөй кызын зордуктаган делип кармалды

Кара-Көл шаарында машыктуруучу болуп иштеген адам 17 жаштагы өгөй кызын зордуктаган делип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнө таянып жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, 17-октябрда милицияга шаар арыз менен кайрылган. Арызда ал өзү жумушка кеткенде 2002-жылы туулган кызын 49 жаштагы (экинчи турмушунан) күйөөсү зордуктап койгонун айткан.

Бул факт  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо катары каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү жаран кармалып,  соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>