Кара-Сууда 7 жаштагы кызды зордуктап, 26 жаштагы жигит кармалды — сүрөт

Кара-Сууда 7 жаштагы кызды зордуктап, 26 жаштагы жигит кармалды — сүрөт

7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 9-апрелинде саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы жашы жете элек кыз «Н.А.» Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда белгисиз азиат улутундагы жашы болжол менен 16-17 курактагы белгисиз жаран тарабынан жыныстык жактан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу Ош ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя Ош ОИИБдин кылмыштарды электрондук каттоо журналына катталып, ыкчам иш жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш иш боюнча Ош ОИИБдин жетекчилиги Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынып, өспүрүм кызды зордуктоого шектелип Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы «Н. уулу А.» Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жабырлануучу: «Н. А.» 7 жашта Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1 класстын окуучусу, таэнесинин колунда тарбияланып жаткан, апасы Орусияда мигрант.

Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө.ф

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>