Кара-Сууда адамды өлтүрүп, каракчылык кылган шылуундар колго түштү — сүрөттөр

Кара-Сууда адамды өлтүрүп, каракчылык кылган шылуундар колго түштү — сүрөттөр

Кара-Сууда адам өмүрүнө кол салып, каракчылык кылган шылуундар колго түштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 27-февралында саат 07:13тө Кара-Суу РИИБдин нөөмөт от бөлүмчөсүнө маалымат түшүп, анда ошол эле күнү саат 06:40 чамасында, Кара-Суу шаарынын жашоочусу 55 жаштагы Т. У (аял киши) миздүү нерседен денесинен жарат алып аталган райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган маалымат, 27-февралда Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган: 2021-жылдын 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки атуул беттерине чүмбөттөрүн кийип алышып, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйүнө мыйзамсыз киришип, турак үйдүн бөлмөсүндө эс алып жаткан Т. У.ну өздөрү менен бирге алып келишкен, жыгач таяк менен башына уруп, андан кийин бычак сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.

Натыйжада, У.Т Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген жана жандандыруу бөлүмүндө үч сааттан кийин каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелишкен Кара-Суу шаарынын Крылова жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А жана Кара-Суу шаарынын жашоочусу К. А экендиктери аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө кызматына камсыздалышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иш боюнча, А. уулу А жашаган Кара-Суу шаарынын көчөсүнүн биринде жайгашкан турак үйүнөн 1 даана темир сейф ачылбаган абалда, 1 даана бычак, 1 даана жыгач таяк жана бет чүмбөттөр табылып алуу жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп тийиштүү материалдар топтолгон. Ал эми каза болгон У.Тга карата соттук-медициналык, алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Азыркы күндө тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>