Кара-Сууда катуу жааган жандан мектеп жана бала бакчаны суу каптады

Кара-Сууда катуу жааган жандан мектеп жана бала бакчаны суу каптады

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан мектеп менен бала бакчаны суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 8-май күнү каттуу жааган жандын кесепетинен Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында сел суулары жүрүп болжол менен 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин каптаган. Ошондой эле Мады айыл аймагынын Кыргызчек айылында сел суулары жүрүп турак үйлөрдү каптаган.

Жерине ӨКМнин Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана 13 куткаруучу тартылып, бүгүн, 9-майда аба-ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>