Каракчылык жана автоунаа уурдоого айыпталып издөөдө жүргөн адам кармалды – видео

Каракчылык жана автоунаа уурдоого айыпталып издөөдө жүргөн адам кармалды – видео

Жалал-Абадда каракчылык жана автоунаа уурдоо фактысы боюнча  издөөдө жүргөн адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, былтыр 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү саат 01:40тар чамасында Токтогул районунун А.Г. аттуу тургунун Кутман аттуу таанышы үйүнө кирип, учтуу нерсе менен моюнуна такап коркуткан. Үй эсси жардам сурап кыйкыра баштаганда кылмышкер терезеден качып чыгып кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык Кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылган.  

Ошол эле түнү Токтогул шаарчасынан Ауди А-6 үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз адам уурдап кеткен.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 206-беренеси (Автоунаа каражатын уурдап качуу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Бул окуяларга мурда бир нече жолу соттолгон 24 жаштагы Базар-Коргон районун М.К. аттуу тургунунун тиешеси бар экендиги такталган.

Бирок аталган окуялардан кийин шектүү таптырбай, из жашырып кеткен.  Ага 19-декабрда издөө жарыяланган.

Ыкчам-издөө ишинин жүрүшүндө шектүү 15-январь күнү Чүй облусунун Панфилов районунун аймагында кармалган. Ошондой эле жанынан 28 грамм гашиш табылган. 

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>