Караколдо 12 млн сомго курулган 600 метрлик жолду мэр кызыл лента кесип ачты

Караколдо 12 млн сомго курулган 600 метрлик жолду мэр кызыл лента кесип ачты

21-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Шапак Баатыр жолунун ачылышы болду. Иш-чарага шаардын мэри Адыл Каниметов баштаган аткаминерлер келишкенин «24.kg» жазды.

Аталган шаардын мэрин улуттук кийим кийген кыздар колдоруна боорсок кармап тосуп алышты.

Салынган жолдун узундугу 600 метрден бир аз жогору. Ал 12 миллион сомго курулду. Караколдун мэри кызыл лентаны кести.

600 метрлик жолду ачууга мындай шаң-шөөкөт менен ачылганын шаар тургундары нааразычылыгын билдиришкен. Алар бул ишти ансыз деле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын милдети экенин айтышкан.

«Бул жөн гана оңдоо иштери болчу. Эмне үчүн жолдун ремонтунан кийин ага тиешеси жок кишилер тарабынан лента кесилип ачылышы керек? Караколдо ушундай арзан шоулар бар», —дешет шаар тургундары.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>