Каркырадан кыргыз жаранын казактар кармап кетти

Каркырадан кыргыз жаранын казактар кармап кетти

Ысык-Көл облусунун тургуну Өмүрбек уулу Сыймыкты Казакстан тараптан мал кайтарып жүргөн жеринен кармап кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев  билдирди.

Ал төрагага кайрылып, “Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда биздин бир жараныбызды мал кайтарып жүргөн жеринен Казакстандын чек ара кызматкерлери кармап кетиптир. Ошону Тышкы иштер министрлигине, элчиликке тапшырма берип, эмне себептен кармап кеткенин аныктап, туура чечим чыгарышсын”— деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов тапшыра берилээрин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>