“Каршыларды камап жатат”. Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды

“Каршыларды камап жатат”. Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды

Каршыларды камап жатат. Бул тууралуу суракка чакырылган КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жарыялады.

Аны бүгүн, 18-майда саат 16:00дө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырган.

Анын айтымында, учурдагы бийлик кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат.

«Бийлик кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Бул өлкөдөгү азыркы абалды мүнөздөп турат. 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөрдүн чакырылганын көрдүңөр беле? Үмүтбектин өлүмүнө тиешелүүлөр суралдыбы? Ким өзүнүн элине карата ок атууга уруксат бергенин издегенин уктуңар беле? Туура уккан эмессиңер! Бирок, каршыларды камап жатат», — деп билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, жарандык активист Жеңиш Молдакматов 6-майда камакка 245-берене («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып камакка алынган. Кийин 264-берене («массалык баш аламандыкты уюштуруу») менен 2 айга камалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>