Каржы министрлиги: Өткөн жылы инвестиция тартуу планы 76% гана аткарылды

Каржы министрлиги: Өткөн жылы инвестиция тартуу планы 76% гана аткарылды

2018-жылы айрым айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылды. Ал маселе Өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлдү, анын ичинде Каржы министрлиги да бар. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Азимов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеш Өкмөт өтүнгөн келишимдерди такай ратификациялап берип келатканын эске салып, Өкмөт инвестиция тартуу жаатында өтө начар иштеп жатканын, минте берсе инвесторлор келбей турганын белгиледи.

«Мисалы, гранттык каражаттардын ар биринин жумшала турган багыты бар. Мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүүгө Орусиянын 30 млн доллар жана Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн доллар гранты жумшалары тууралуу маалымат бар. Демек, чыгымды жабуунун туруктуу каржы булагы жок экен да», — деди ал.

Каржы министринин орун басары мындай маалымат туура эмес экенин, ЖМКдагы бул маалымат кайра такталганын билдирди.

«Грант – бир жолу гана түшчү каражат. Ошондуктан, мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалган каражаттын орду бюджеттин, тактап айтканда, салыктык жана салыктык эмес каражаттардын эсебинен жабылат. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз», — деген жообун берди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>