Казакстан: Арысты калыбына келтирүүгө 144,7 миллион доллар которулду

Казакстан: Арысты калыбына келтирүүгө 144,7 миллион доллар которулду

Курал-жарак кампасынан чыккан жарылуудан зыян тарткан Арыс калаасын калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 56,1 миллиард теңге (144,7 миллион доллар) которулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Арысты калыбына келтирүүгө өкмөттүн резерв фондунан 27,5 миллиард теңге, жергиликтүү бюджеттен 20 миллиард теңге, «Самрук-Казына» улуттук фондунан 2,6 миллиард теңге жыйналган.

Бул каражат Арыстын ар бир жашоочусуна 100 миң теңгеден компенсация төлөөгө, шаардагы үйлөр менен социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү салууга жумшалары маалым болду.

Эскерте кетсек, Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Эвакуация учурунда оор жаракат алган сегиз жашар бала 2-августта чарчап калган. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>