Казакстан чек арада топтолгон кыргызстандыктардын өтүүсүнө уруксаат берди

Казакстан чек арада топтолгон кыргызстандыктардын өтүүсүнө уруксаат берди

Казакстан орус-казак чек арасында топтолуп калган миңдеген кыргызстандыктардын өз аймагынан өтүшүнө уруксат берди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери азыр жарандарды Башкыртстандан Соль-Илецкиге, андан ары орус-казак чек арасынан өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатышат.

Чек арадан өткөндөн кийин кыргызстандыктар автобустар менен сапарга чыгат.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда эл көп болгондуктан, алар 24-25-сентябрда эки этап менен ташылат. Мекеме Казакстандын чек арасы дагы эле жабык экенин, топтолгон кыргызстандыктардын өтүшүнө сүйлөшүү аркылуу бир гана жолу уруксат берилгенин эскертип жатат.

Ушу тапта орус-казак чек арасында Кыргызстанга өтүүнү көздөп, жолдо калган жарандар 3 200дөн ашуун.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан 40 968 жаран мекенине кайткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>