Казакстан карантиндик чектөөлөрдү дагы эки жумага узартат

Казакстан карантиндик чектөөлөрдү дагы эки жумага узартат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтүн дагы эки жумага узартууну «тапшырды». Бул тууралуу 29-июлда Казакстандын президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Акордонун маалыматына караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн азырынча карантиндик чектөөлөр жумшартылбайт.

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин айтымында, өлкөдө 5-июлдан бери туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду.

Казакстандын бийлиги 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтүн 2-августка чейин узарткан.

Аталган өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 86 192 кишиге жетти. Акыркы маалыматтар боюнча 793 бейтап каза болду.

Казакстанда COVID-19дан каза болгондордун статистикасына анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары башка оорулар көрсөтүлгөн миңдеген бейтап кошулган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>