Казакстанда автобус менен поезд сүзүшүп, 1 адам каза болду (видео)

Казакстанда автобус менен поезд сүзүшүп, 1 адам каза болду (видео)

15-сентябрда Казакстандын Алматы облусундагы Шамалган станциясында автобус менен поезд сүзүшүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Хабар 24. агенттиги жазды.

Малым болгондой, каза болгон адам автобустун айдоочусу болгон. Мындан башка 9 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Жалпысынан автобуста 67 жүргүнчү бараткан.

Бул окуяга байланыштуу полиция “Жол кыймылын же транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>