Казакстанда киши учурган шамал болуп жатат (ВИДЕО)

Казакстанда киши учурган шамал болуп жатат (ВИДЕО)

Жамбыл облусунун унаа жолунда катуу шамалдын кесепетинен “Газель” унаасы бара жатып оодарылып кеткен. Ал эми Таразда катуу шамал көчөдөгү кишилерди учуруп жатат. Бул туурасында Tengrinews.kz жазды.

Ал эми социалдык тармактарда Жамбыл облусунан тартылган кадрлар үрөй учурууда. Шамал күчөп, ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жеткен. Социалдык медиада жарыяланган видеолордун биринде кадрдагы аялдын шамал учуруп жатканын көрүүгө болот. Аял кадимкидей тамтаңдап баратып жерге кулап түштү. Жанындагы мырза ага жардам берүүгө далалат кылууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Тараз LIFE (@taraz_life)

Тараздын көчөлөрүндө электр зымдар үзүлүп, имараттардын чатырларын жулуп кетүүдө. Абай проспектиси менен Кашгари көчөсүнүн кесилишиндеги турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Унааларды жол жээгиндеги бактар басып калууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>