Казакстандагы жалгыз манасчыга «Достук» ордени ыйгарылды

Казакстандагы жалгыз манасчыга «Достук» ордени ыйгарылды

Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго «Достук» ордени ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстанда «Манас» эпосун айткан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен жолугушту. Анда мамлекет башчысы манасчыга «Манас» эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын — «Достук» орденин тапшырды.

Ал эми Баянгали Алимжанов «Манас» эпосун Казакстандын жаш муундарынын арасында кеңири жайылтуу үчүн которгонун белгилеп, азыркы жаштар бул уникалдуу эпосту билиши керек деп эсептээрин айтты.

Баянгали Алимжанов 1954-жылы 16-октябрда Казак ССРинин Кокшетау облусунун Степняк-Енбекшилдер районунда катардагы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Алматы шаарындагы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинин казак тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. 1984-2004-жылдар аралыгында Баянгали Алимжанов жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>