Казакстандык ишкер Садыр Жапаровго кеңешчи болуп дайындалды

Казакстандык ишкер Садыр Жапаровго кеңешчи болуп дайындалды

Алмаз Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Алмаз Ибрагимов Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою Казакстандагы ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп иштеп келген жана ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашырган.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмаз Ибрагимов «Курмет» жана «Отан» ордендери менен сыйланган, ошондой эле биринчи жана үчүнчү даражадагы «Барыс» орденинин жана үчүнчү даражадагы «Енбек даңкы» төш белгисинин ээси, Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги, С.Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>