Казакстандын батышында карантин шарттары жеңилдеп, коомдук транспорт калыбына келди

Казакстандын батышында карантин шарттары жеңилдеп, коомдук транспорт калыбына келди

Батыш Казакстан облусунда карантиндик чектөөлөр жумшартылат. Бул тууралуу облустун административдик борбору эсептелген Орол шаарынын башчысы Абат Шыныбеков билдирди.

Анын айтымында, 28-апрелден тартып шаарда коомдук транспорттун иши калыбына келип, жашоочуларга үйүнөн алыс эмес жерлерде сейилдөөгө уруксат берилет.

«Жашоочулар үйүнөн алыс эмес жерде сейилдесе болот. Ошол эле маалда үчтөн ашык топтолбой, бет кап жана кол кап кийип жүрүүсү шарт», — деди аким.

Мындан тышкары бийлик шаардыктардын автоунаа номурларына жараша дачага баруу күндөрүн белгиледи.

«Автоунаа номуру жуп сандан башталган жашоочулар дачага шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү кечки сегизге чейин бара алышат. Номуру так сандан башталгандар шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү барса болот», — деди калаа башчы.

Аймакта карантин 30-мартта киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>