«Элбасы» Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды

«Элбасы» Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Баку шаарында (Азербайжан) бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти.

Жыйында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды.

ТТМКК мамлекет башчылары кол койгон документтертин тизмеси:

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетин түзүү жөнүндө Чечими;

Казакстандын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү жөнүндө Чечими;

Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө Чечими;

Казакстандын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө Чечими;

Түрк кеңешинин Башкы катчынын орун басарын жана Түрк маданияты жана мурасы фондусунун президентин дайындоо жөнүндө Чечим.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңешине Өзбекстандын кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынып, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин катчылыгы менен Венгриянын Өкмөтү ортосундагы Венгриядагы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин өкүлчүлүгүнө байланыштуу Макулдашууга кол коюлду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>