Келдибеков: Жанар Акаев «үкам», Текебаев менен өмүр бою чабышам — видео

Келдибеков: Жанар Акаев «үкам», Текебаев менен өмүр бою чабышам — видео

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанган Ахматбек Келдибековдун Алай жергесиндеги үгүт иштеринде эл менен урушкан видеосу reporter.kg’нин ватсап группасына күбөлөр жиберди.

Саясатчыга Алайдын жергиликтүү тургуну 8 жылдан бери бийликтесиз дагы эмнеге депутаттыкка аттандыңыз деген суроо берген.

Келдибеков 8 жылдан бери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев менен чабышып жүргөнүн, Текебаев менен азыр дагы чабыша турганын билдирди.

Тургун «эми Текебаев эмес, Жанар Акаев менен чабышам деп кетип бара жаткан экенсиз. Анткени «Ата Мекен» партиясын Акаев жетектеп бара жатат», — деди.

Келдибеков: «Жанар Акаев үкам болот, мен Текебаев менен чабышам».

Саясатчы эл менен жолугушуу учурунда ал дагы Алайлык экенин айтып, «мен силердей эле гордыймын» деп ага карата суроо берген жигитти кагып, телефонго тартуусуна каршылык көргөзгөнүн видеодон көрүүгө болот.

Чогулган эл Келдибековго чабышуудан пайда чыкпай турганын эскертишти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>