Келдибековдун ишин райсот карайт

Келдибековдун ишин райсот карайт

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин экс-спикер Ахматбек Келдибековдун ишин райондук сотко жылдырды. Бул туурасында Reporter.kg ге  Жогорку Соттун басма-сөз кызматы билдирди.

Биринчи май райондук соттун жана Бишкек шаардык соттун чечими жокко чыгарылды. 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи Май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүчө айып тагылган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекеттин эсебине которуу чечими чыккан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>