Кичи автобустан бир кишини сууруп чыгып, аны сабап салышты (Видео)

Кичи автобустан бир кишини сууруп чыгып, аны сабап салышты (Видео)

Чүй облусунда кичи автобустун ичинен бир кишини сууруп чыгып, аны үч киши сабап салышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.

Автордун билдирүүсү боюнча, анын атасын кошунасы жана анын эки өгөй баласы урган.

«Атам алар тарабынан сабалган биринчи эле учуру эмес, буга чейин сабалгандыгы тууралуу эч кандай видео далилдер болгон эмес. Буга байланыштуу алар жазасыз калып келген. Бул окуя 10-сентябрда Ново-Покровка айылында болгон. Кичиавтобуста атам менен урушуу үчүн кошуна өгөй балдары бирге провокация катары эшикти колу менен тосуп алып, шылдыңдашкан. Эшиктен колун алып, атам маршруткадан сыртка чыгып баратканда, аны аркасынан тепкен», — деп билдирген социалдык тармактын колдонуучусу.

Белгиленгендей, Ысык-Ата РИИБ эч кандай чара көрбөй жатат.

Бул маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тактоодо.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Черный список KG ?? ❌ (@black_list.kg)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>