КМШ оюндары: Кыргызстан 5 медаль утту

КМШ оюндары: Кыргызстан 5 медаль утту

Татарстандын баш калаасы Казанда өтүп жаткан КМШ спорт оюндарында кыргызстандык балбандар 1 күмүш, 4 коло байге тагынышты. Мындай маалымат беттештин расмий сайтына жарыяланды.

Биздин спортчулар көрештен (бел боо күрөшкө окшош) күч сынашкан. 6-сентябрь күнкү таймашта Арсланбек Турдубеков 120 кг. салмак бирдигинде кез келишишип, натыйжада күмүштү эңип кеткен. Ал эми коло байгелерге Баяман Мыктыбеков (100 кг.), Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70 кг) жана Бакберди Мирсланбеков (85 кг) татышты.

Бул оюндар 11-сентябрга чейин уланат. Ага 9 мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышып, спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашууда. Кыргызстандан 163 өкүл бар. Кыргызстандыктар спорттун 13 түрүнөн күч сынашат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>