Кочкордо жаш келин мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Кочкордо жаш келин мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Кочкордо жаш келинди өлтүрүүгө айыпталган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23-январь күнү саат 18:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Тынай-Булак кыштоосунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун аты-жөнүн тактаганда ал Чүй облусунун Сокулук районунун К.К. аттуу 23 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болгон. 

Бул окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп иликтөө иштери башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Баткен облусунун М.И. аттуу 26 жаштагы тургуну Ош облусунан кармалган. 

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>