Site icon Reporter.kg

Көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 16,1% га жогорулады

Ушул тапта Кыргызстанда көмүрдүн орточо баасы өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу республикада орточо эсеп менен 715,8 сомго же 16,1%га жогорулаганын республиканын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Мында чекене баанын минималдуу баасы Чаек айылында тоннасына 2,5 миң сомго, Балыкчы шаарында 4 миң сомго жана Токтогул шаарында 4 миң 373,2 сомго байкалган. Ал эми көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат шаарында — тоннасы 8390 сом, Баткенде 8 377,7 сом жана Исфана шаарында 6,5 миң сом болууда.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу көмүрдүн баасынын эң олуттуу жогорулашы Кербен шаарында тоннасына 2,6 миңге же 1,7 эсеге, Жалал-Абадда 1,6 миң сомго же 34,7%га, Нарында 1 миң сомго, же 28,6%га, ал эми Баткенде 1 миң 739,6 сомго, же 26,2%га жогору. Ошол эле учурда, Талас шаарында баа тоннасына 61,8 сомго, же 1,1%га төмөндөдү.

Exit mobile version