“Коопсуз шаар-2” Shenzhen Sunwin компаниясы жеңүүчү деп табылды

“Коопсуз шаар-2” Shenzhen Sunwin  компаниясы жеңүүчү деп табылды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы расмий чыгып,  долбоорду ишке ашырууга эң төмөнкү бааны сунуштаган Shenzhen Sunwin  компаниясы жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерга катышып жаткан компаниялардын долбоорду ишке ашырууга сунуштаган баалары белгилү болгон.

Анда конкурстун катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй баалар сунушталган:

  1. “Концерн радиостроения “Вега” АО – 4 802 338 446 сом.
  2. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd – 2 654 558 940 сом
  3. «Безопасность информационных систем» ЖЧК – 5 067 794 340 сом.

Тендердик комиссияга ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура, Финпол  жана Транспорт министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү киргизилген.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабындагы долбоордун жалпы наркы 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган. Утуп чыккан компания өлкө аймагы боюнча 306 фото жана видео байкочу аппараттык-программалык түйүн орнотот. Анын 266сы стационардык болсо 40 көчүп жүрүүчү комплекс болмокчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>