Коопсуз шаар: 4 шаарга 34 камера орнотулду

Коопсуз шаар: 4 шаарга 34 камера орнотулду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей,  жалпы 34 жолдун кесилиштерине камера орнотулду. “Г” түрүндөгү түркүктөрдүн ар бирине үчтөн камера коюлган. Адаттагыдай эле айдоочудардын эреже бузууларын аныктап, фотофиксация жасап, жолдогу башка кылмыштарды карап турушат.

Камералар Бишкектин 16, Оштун 11, Токмоктун 6, Канттын бир кесилишинде коюлду.

Буга чейин борбор калаанын көчөлөрүнүн 38 кесилишинде жана 4 жол көпүрөлөрүндө видеокөзөмөл камералары орнотулган. Чүй облусунун 48 жолдорунда ылдамдык режимин бузулушун көзөмөлдөгөн камералар коюлган. 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстер Бишкектин жана Чүй облусунун жолдоруна көзөмөл жүргүзөт.

Долбоор боюнча “үч бутту камералар”  306 түйүндү — 266 туруктуу жана 40 көчмө түйүндү  камтыйт. Долбоордун экинчи этабы республиканын бардык облустарын, республикалык маанидеги 2 шаарын жана 15 облустук маанидеги шаарларды, 73 калктуу конушка аппараттар коюлмакчы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>