Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10 миң сомду түзөт

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10 миң сомду түзөт

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-сентябрына карата кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны  24 миң 100 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны – 22 миң 300, расымдык жөлөкпул – 1 миң 800 адам.

«Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү — 10 миң 273 сом 7 тыйынды түзөт. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү — 3 миң 423 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы — 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга — 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга — 6,2 млн сом сарпталган», — деп маалымдалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>