Кожобек Рыспаев: Элге кызмат кылуу үчүн сөссүз депутат болуш керек эмес

Кожобек Рыспаев: Элге кызмат кылуу үчүн сөссүз депутат болуш керек эмес

Депутат Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Рыспаев 10 жылдан ашык депутат болгонун айтып, саясаттан тыныгуу аларын билдирген. Ошондой эле ал саясатка жаңы аттанып, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан жаңы ысымдарга ийгилик каалады.

Кожобек Рыспаевдин билдирүүсү толугу менен:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Мага байланыштуу акыркы сөздөр тууралуу маалымат берип коюуну чечтим.

Келе жаткан шайлоого катышпоону туура көрүп, азыркы болуп жаткан окуялардын сыртында турам. Буга сүйүнгөндөр да бар, жакын айланамда кайгыргандар да бар. 10 жылдан ашык депутаттык кызматты аркалап, элдин түйшүгүн бирге тарттык. Бааны элим берет. Мен өзүмдүн эмгегимди, жетишкендиктеримди айтып өзүмдү кынтыксыз адам катары таңуулагым келбейт. Элге моюн сунабыз, элден айланабыз. Бизге сын айтып оңдоп түздөп туруу элге жарашат.

Азыр шайлоого жаңы ысымдар, жаңы максаттар менен жаңы адамдар келе жатышат. Ийгилик силерге. Элдин мактоосунда болгон депутат болгула. Болбосо жолобогула.

Депутаттык мөөнөттө мени ээрчиген кара пиар, ыплас сөздөргө туруштук берип түшүнүү менен кабыл алдым. Бурмаланып кеткен маалыматтарга, көбүртүп-жабыртып айткан адамдарга өзүмдүн чындыгымды айтып келдим. Дагы да чындыкты айтам.

“Элита”, “япониялык тамеки чеккич”, “көп медал алган Жуков” сыяктуу кара пиар кампаниялар мага каршы ачык эле жүрүп жатты. Буларды азыр да кайталашат. Дагы да жарыялашат. Мынча кызыктуу талкууларды көрүп кээде күлкүм келет. Айрым адамдардын фантазиясы абдан катуу иштейт экен. Чыгармачылыгыңарга таазим. Бирок мунун баарын менин жакындарым калп экенин билет, түпкү чыныгы маңызы кандай болгонун билет. Айрым адамдар үчүн бул катуу эле тиет. Мейли…

Мен азыркы тапта эс алуудамын. Себеби пандемия менин да ден соолугумду, жакындарымды алсыратты. Биз да жашоо үчүн күрөштүк. Үй бүлөмө көңүл бурам. Көкүрөк күчүгүм уулумду турмуштун даңгыр жолуна узаталы деп турабыз. Эми даана элдин ичинде чогу кайнайбыз. Чыгармачылык, ишкерлик менен алектенем.

Элге кызмат кылуу үчүн сөзсүз түрдө депутат болуунун кажети жок. Бирок камынып жаткандарга ийгилик! Жепжутат эмес, ДЕПУТАТ болуңуздар», — деп жазган эл өкүлү.

Эскерте кетсек, Кожобек Рыспаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>