КТРКнын мурдагы журналисти Элнура Молдокадырова АКШда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштөөдө

КТРКнын мурдагы журналисти Элнура Молдокадырова АКШда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштөөдө

Америкадан качкын статусу алган кыргызстандык журналист Элнура Молдокадырова оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп ишке кирген. Бул тууралууу Молдокадырова өзү иш үстүндөгү видеосун ютуб каналына жайгаштырды.

Молдокадырова Амазондо унааны кантип токтотот, май куючу жай жана ал жактагы оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелери боюнча өзүнүн пикирлерин билдирген.

Учурда Элнура Молдокадырова жолдошу Ренат Самудинов менен Чикаго шаарында жашайт.

Белгилей кетсек, Молдокадырова жолдошу менен биргеликте 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Алар ошол жылдын 18-октябрында мыйзамсыз чек арадан өтүүгө аракет кылып америкалык чек арачылар тарабынан кармалган. Сегиз ай Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келгендерди кармоочу жайда болушкан. Кийин алар АКШдан качкын статусун алышкан.

Самудиновдун айтымында, алар бийлик тарабынан катуу куугунтукка алынган. Ошол себептен Кыргызстандан чыгып кетүү чечимине келишкен.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Друзья, если вы мечтаете о чем-то, никогда не сдавайтесь! Плачьте, разочаровывайтесь, делайте выводы, учитесь и не переставайте идти! В жизни нет ничего не возможного! Это я поняла точно. Ведь каких-то 2-3 года назад я и представить не могла, что перееду в США, буду водить огромную махину, буду колесить по всей Америке. Интересное ещё впереди, поверьте. И смотрите наши приключения на дальнобое по американски. Не стройте иллюзий об Америке. Жизнь без пантов, пафоса и гламура здесь на моем канале. Гоу смотреть свежее видео о работе на Амазон☝️?????ссылка в описании. Завтра 2 часть??

Публикация от Блогер in USA? ?? (@kyrgyzka_v_amerike)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>