КТЖны Дашков жетектеп турганда 500 млн сомдон ашык чыгарылган

КТЖны Дашков жетектеп турганда 500 млн сомдон ашык чыгарылган

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын акча каражаттарын алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жоопттуу кызмат адамдары тарабынан 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу менен «Генезис Плюс» ЖЧКнын жана «АтомГрупп» ЖЧКнын дарегине 500 миллион сомдон ашык акча каражаттары которулган.

​Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн мезгилинде түзүлгөн эместиги аныкталган.

​Азыркы учурда «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканы кабарланат.

​18-майда 98-беренеге ылайык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргыз Темир Жолу” Мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., «АтомГрупп» ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана «Генезис Плюс» ЖЧКнын жетекчиси М.Г.Р., «Кыргыз Темир Жолу” ишканасынын башкы директору Д.В.А жана уулу Д.Д.В., (ал дагы ушул коррупциялык схеманын катышуучусу) кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-майда Дашковго карата 204-берененин 3-бөлүгү жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иштеринин өтүнүчү боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, 18-июнга чейин келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>