Кубатбек Боронов: Акыркы 3 жылдын ичинде билим берүүгө бөлүнгөн каражат 30 млрд. сомго чейин көтөрүлдү

Кубатбек Боронов: Акыркы 3 жылдын ичинде билим берүүгө бөлүнгөн каражат 30 млрд. сомго чейин көтөрүлдү

Кечээ, 2-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр өлкө Президенти быйылкы жылды бекеринен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган жок деди.

«2012-жылы билим берүүгө 21 млрд. сом бөлүнгөн болсо, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ар бир баланы жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап билим берүү менен камсыздоо үчүн өлкө боюнча 100 обьект курулууда. Ар бир мектеп интернетке кошулууда.», — деди Боронов.

Маалымдама: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Стант айылындагы Пионердин 50 жылдыгы атындагы толук эмес орто мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иши 2014-жылы башталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Живпром тилкесиндеги мектеп 275 балага ылайыкталган.

Кара-Суу районундагы Ак-Өргө айылындагы мектеп 720 окуучуга ылайыкталган.

Боронов жогоруда айтылган мектептерге Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алууга сертификат тапшырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>