“Кулунду” чек ара заставасынын башчысы пара менен кармалды, — сүрөт

“Кулунду” чек ара заставасынын башчысы пара менен кармалды, — сүрөт

Мамлекеттик чек ара кызматынын капитаны пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 28 жаштагы капитан Ж.у.Н. 40 миң сом УКМКнын кызматкерине пара берип жатып кармалган.

Ал коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган.

Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иштер козголуп, тергөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 42026,42027,42028″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>