Курман айтка карата Катар кайрымдуулук фонду миң кой сатып алат

Курман айтка карата Катар кайрымдуулук фонду миң кой сатып алат

Курман айт майрамы 10-август же 11-августта белгиленет. Мындай чечимди Муфтият тараткан.

Аталган майрамга карата Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук фондунун филиалы миң кой сатып алат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, койдун эти Курман айтта жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жетим балдарга таратылат. Ошол себептен уюм фермерлик чарбаларга тендер жарыялайт. Анда салмагы 20 килограммдан кем эмес 2 жашар койлор керектелет. Тендерге катышуу үчүн билдирүүлөр 19-июлга чейин Катар кайрымдуулук уюмунун филиалында кабыл алынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>